Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого чет элдик донордон 13,8 млн. евро алынат

Энергетика министринин айтымында, ГЭС жети жылдын ичинде кеткен чыгымдарын актайт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 13,8 миллион евро алат.
Аталган келишимди ратификациялоо долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берди.
Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы наркы 13,8 миллион евро, анын ичинен 8,8 миллиону кредит, 5 миллиону инвестициялык грант түрүндө алынат. Каражат Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого жумшалат.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев оңдоп-түзөө жумуштары үч жылда бүткөрүлүп, ГЭС жети жылдын ичинде кеткен чыгымдарын актай турганын билдирди.
Кыргызстан оорукана, лабораторияларды жакшыртуу үчүн АӨБдөн 30 млн. доллар алат