ЕАӨБ Куланак ГЭСинин курулушуна 44 млн. доллар бөлөт

ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт. Бир жылда орто эсеп менен 435 миллион киловатт-саат энергия иштеп чыгарат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Нарын дарыясындагы "Куланак" ГЭСинин курулушуна 44 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын стендинде айтылат.
Эске салсак, долбоордун баасы 118 миллион долларды түзөт. Евразия өнүктүрүү банкы менен РКӨФ долбоорду паритеттүү (тең) негизде каржылайт. Буга чейин Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 44 миллион доллар бөлө турганын кабарлаган.
ЕАӨБдүн стендиндеги маалыматта бул Борбор Азиядагы суу-энергетикалык комплексин өнүктүрүү жаатындагы эң маанилүү долбоорлордун бири экени жазылган. ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт. Бир жылда орто эсеп менен 435 миллион киловатт-саат энергия иштеп чыгарат. Ал электр энергиясына болгон дефицитти 18 пайызга кыскартууга мүмкүнчүлүк берет (2,3 миллиард саат). 2042-жылга чейин салык түрүндө 42 миллион доллар киреше берет. 835 жаңы иш оруну түзүлүп, сугат жерлерин 1,5 эсеге көбөйтөт.
Мындан тышкары, Евразия өнүктүрүү банкы менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү караган Беларустагы, Казакстандагы, Кыргызстандагы, Россиядагы жана Тажикстандагы борборлор бирдиктүү транс чек аралык долбоорлорду ишке ашырууда күч-аракетин жумшоодо. Тийиштүү меморандумга Евразия конгрессинде кол коюлган.
ЕАӨБ эл аралык финансылык уюм жана көп тараптуу өнүктүрүү институту катары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн транс чек аралык жана мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн транс чек аралык программаларын каржылайт.
РКӨФ Куланак ГЭСин жана Чүйгө цемент заводун курууга 89 млн. доллар берет