КМШ өкмөт башчылары бир нече документке кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасы КМШ көп профилдүү кызматташуу үчүн ийгиликтүү аянтча экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Министрлер кабинети Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары кайсы маселелерди талкуулап, кандай документтерге кол коюшканы тууралуу маалымат берди.
Акылбек Жапаров төрагалык кылган жыйын Сочиде өттү.
Тар чөйрөдөгү курамда үч негизги маселе каралып, экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ көп профилдүү кызматташуу үчүн ийгиликтүү аянтча экенин белгиледи.
Андан ары жыйын кеңири форматта уланып, КМШ алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.
Жыйындын алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо, түзүү, иштетүү жана инвестициялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Анын үстүндө иштөөгө 10 жылдан ашуун убакыт кеткен.
Экинчи маанилүү документ, радиациялык мониторингдин маалыматтарын алмашуу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуу болду.
Ошондой эле өнөр жай кооперациясы, маданий-гуманитардык тармак, каржы жана кадр маселелери боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Мындан тышкары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында КМШ өлкөлөрүнүн Спартакиадасы жөнүндөгү жобо бекитилди.
Жыйындын соңунда жакынкы үч жылга КМШнын жаштарынын борбор калаасын жарыялоо чечими кабыл алынды:
2024-жылы бул статус Өзбекстандын Ташкент шаарына берилет;
2025-жылы — Азербайжандын Габала шаарына;
2026-жылы — Армениянын Капан шаарына.
Бишкектеги КМШ саммити
КМШ лидерлери менен өкмөт башчыларынын жыйыны октябрда Бишкекте өтөт