Бишкектеги КМШ саммити

КМШ лидерлери менен өкмөт башчыларынын жыйыны октябрда Бишкекте өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкекте октябрь айында КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилери менен өкмөт башчыларынын жыйыны өтө турганын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Эскерте кетсек, Сочиде шериктештикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтүүдө.
Жапаров 12-13-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери саммитке чогуларын, премьер-министрлердики 27-октябрда өтө турганын маалымдады.
Быйыл Кыргызстан КМШда төрагалык кылууда.
Кыргызстан КМШ, ЕАЭБдин жаш ишкерлеринин форумун уюштурууну сунуштады