Радио

Мигранттар үчүн уюштурулчу бизнес-курстардын жол-жобосу айтылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаары боюнча иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Жекшенов мигранттардын көбү топтогон акчасын туура эмес колдонуп жатканын айтты.
Sputnik
Күз мезгилинен тарта мекенине кайтып келген мигранттар үчүн бизнес түптөө боюнча акысыз курс уюштурулат. Бул тууралуу Талантбек Жекшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган курста кантип акчаны туура сарптап, мыйзамдын негизинде бизнес ачуу керектиги үйрөтүлөт.
"Азыркы кезде биздин министрлик мигранттар менен өтө тыгыз иш алып барууда. Атайын бекитилген пландын негизинде үстүбүздөгү жылдын февраль айында өлкөгө кайтып келген мигранттар үчүн бизнес баштоо боюнча акысыз курстун 1-этабы ишке ашкан. Эми болсо жай бою документтерди кабыл алып, күзүндө "Бизнес жүргүзүүнүн негиздери" аттуу курстун 2-этабы уюштурулганы жатат. 18 жаштан жогору, жумушсуз жана чет өлкөдө иштеп келген жарандардын баары бул курска катышса болот. Анда акчаны туура колдонуп, бизнес баштоо үчүн бир катар кеңештер берилет. Курстар мигранттардын тапкан акчасы көп учурда максатсыз жок болуп кеткендиктен, аларды колдоо максатында уюштурулууда", — деди Жекшенов.
Ал аталган курстун 1-этабында 13 жарандын бизнес идеялары ийгиликтүү деп табылганын кошумчалады.