Радио

Абактагы медициналык тейлөөнүн абалы кандай?

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык башкы башкармалыгынын башчысы, ички кызматтын полковниги Назгүл Солтобекова абактагы медициналык тейлөөнүн абалы тууралуу айтып берди.
Sputnik
Абактагы медициналык тейлөө этап-этабы менен жарандык тейлөөгө өтүп жатат. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз иштеп жатабыз. Бул тууралуу Назгүл Солтобекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, соттолгон баңги адамдар соттун чечиминин негизинде мажбурлоо жолу менен дарыланат.
"2000-2015-жылдарга чейин жарандык сектордо гана эмес жабык абактагы адамдардын арасында кургак учук менен ооругандар көп болду. Ошондон улам абактагы медициналык тейлөөнү жарандык тейлөөгө өткөрүү керек деген демилге айтылып келет. Бул боюнча "2020" деген аталыштагы Саламаттык сактоо министрлигинин улуттук стратегиялык иш планы дагы кирген. Министрлик менен абдан тыгыз иштешебиз. Биздин бейтаптар тууралуу маалыматты Улуттук фтизиатрия борборуна беребиз. Ага жараша дарыгерлердин консилиуму өтөт. Мурунку жылдарга салыштырмалуу Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун да кургак учук менен күрөшүү жаатында салымы чоӊ болду. Алсак, 2013-жылы жалпы бириктирилген кургак учукка каршы оорукана салынды. Анда керектүү жабдыктар, лабораториялар, койка, дары-дармегине чейин бар. Мунун натыйжасы жакшы болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык башкы башкармалыгы башка түрдүү оорулар менен да күрөшүп келет. СПИД/ВИЧ менен ооругандардын тизмеси ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун базасына жөнөтүлөт. Алар СПИД менен күрөшүү боюнча глобалдык фонд тарабынан берилген дары-дармектер менен камсыздап турушат. Ошондой эле соттолгон баңги адамдарды Республикалык наркология борбору болуп соттун чечиминин негизинде мажбурлоо жолу менен дарылайбыз. Өлкөдө бир эле Саламаттык сактоо министрлиги болгондуктан биз дагы этап менен интеграцияланууга аракет кылуудабыз", — деди Солтобекова.
Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык башкы башкармалыгында дарыгерлердин айлыгын көтөргөнүнө карабастан кадр маселеси курч экенин кошумчалады.