ЕАӨБ Бишкек мэриясына шаарды өнүктүрүүгө жардам берет

Жолугушуу учурунда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке аша турган бир катар инфраструктуралык долбоорлорду талкуулап жатканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек мэриясына ордо калааны өстүрүп жакшыртууга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жардам көрсөтмөкчү. Меморандумга Сочиде өтүп жаткан Евразиялык конгресстин алкагында ЕАӨБ башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Денис Ильин менен Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
1 / 2

Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек мэриясына ордо калааны өстүрүп жакшыртууга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жардам көрсөтмөкчү

2 / 2

Меморандумга Сочиде өтүп жаткан Евразиялык конгресстин алкагында ЕАӨБ башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Денис Ильин менен Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду

Долбоордо сапаттуу инфраструктура түзүү каралган.
Жолугушуу учурунда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке аша турган бир катар инфраструктуралык долбоорлорду талкуулап жатканы белгилүү болду. Мындан тышкары, аталган банк менен Бишкек мэриясы таштанды маселеси сыяктуу көйгөйлөрдү жоё турган мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн колдонулуп келген мыкты тажрыйбаларын ишке ашырууга макулдашкан.
Кыргызстан КМШ, ЕАЭБдин жаш ишкерлеринин форумун уюштурууну сунуштады