ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин илимий даражаларын таанымай болду

Буга чейин документтерди тастыктап, бир катар бюрократиялык процедуралардан өтүү керек болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттеринде илимий даражага байланыштуу документтерди таануу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Сочиде өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча жыйында айтты.
"Эми окумуштуулар биримдиктин аймагында өз адистиктери боюнча кенен иштей алышат", — деди Мишустин.
Анын айтымында, буга чейин документтерди тастыктап, бир катар бюрократиялык процедуралардан өтүү керек болчу.
"Бул биздин өлкөлөрдүн ортосунда квалификациялуу кадрлар менен алмашууга чоң стимул берет", — деди Россиянын өкмөт башчысы.
КМШ өкмөт башчылары бир нече документке кол койду