Арча-Бешик конушуна суу ташылууда

Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан жети суу топтомуна Чоң-Алыш каналы аркылуу секундасына 550-600 литр көлөмүндөгү суу берилип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Киргизия конушунда жана №10 кичи райондо таза суу боюнча абал турукташты. Ал эми Арча-Бешик конушунун тургундарына "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан суу ташылып жатат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Муниципалитет "Бишкек суу канал" ишканасында мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин төрагалыгы алдында шаардыктарды ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги кеңейтилген жыйын өткөнүн белгилеген.
Ага район акимдери, шаардык чарба департаментинин, "Бишкек суу канал", "Бишкек жашыл чарба", "Бишкек суу чарба", "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
"Шаардык кызматтардын маалыматы боюнча, Киргизия конушунда жана №10 кичи районунда таза суу боюнча абал турукташты. Арча-Бешик конушунун тургундарын суу менен камсыз кылуу үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан суу ташылып жатат. Ошол эле учурда Айылчиев көчөсүн бойлой Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнө чейин узундугу 1000 метрди түзгөн суу түтүгүнүн курулушу аяктап калды", — деп айтылат маалыматта.
Шамыралиев суу берүүнү көзөмөлгө алууну "Бишкек суу канал" башкармалыгына тапшырды.
Мэрия суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан жети суу топтомуна Чоң-Алыш каналы аркылуу секундасына 550-600 литр көлөмүндөгү суу берилип жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, акыркы убакта суу маселеси шаарда чоң көйгөйгө айланды. Суу тартыштыгынан улам калаа бийлиги мончо, унаа жуучу жайларды жабууга аргасыз болгон. Ал эми кечээ Арча-Бешиктин тургундары суу маселесинен улам жолду тосуп алышкан.
Тиешелүү мекемелер элди сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырып жатышат.
Радио
Суу азыркыдан да көп пайдаланылып, анын азайышы болжолдонууда