9-июнга карата аба ырайы

9-июнда республиканын көпчүлүк аймактарында катуу ысык болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жума күнү өлкө боюнча жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас облусунда +33…+38, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +35…+40, Ысык-Көлдө +25…+30, Нарын чөлкөмүндө +22…+27 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкек жана Ош шаарларында +38…+40 градус болот.
Арча-Бешик конушуна суу ташылууда