БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бүт баарын тыюу менен маселе чечилбейт, андан көрө жакшы альтернатива сунушташ керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Парламентте бүгүн вице-спикер Жамиля Исаева сунуштаган балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланды.
"Кесиптешибиз балдардын көз карашын терс жакка бурган видеолор чыкпасын деп жатса керек. Анын баарын колдойбуз. Бирок биз "тыйыш керек" деп эле мораль окуй бергенди токтотушубуз зарыл. Баланын тарбиясы үчүн биринчи кезекте ата-эне бар да, баарыбыз эле үйдө "тигини-муну көрбө" дейбиз. Анан "Тик-Токтогу" жылаңачтарды кантип издеп жүрүп таап, көрүп жатасыңар, билбейм. Тыйыш керек дегендин баары каяктан көрүп жатасыңар аны?" — деп суроо салды Акаев.
Андан көрө ал Маданият министрлиги миллиондоп көрүү чогулткан "Керемет көч" мультфильмин кайра чыгарышы керектигин айтты. Депутаттын пикиринде, бир нерсени тыйып, жабабыз дегенден кийин альтернатива сунуштоо шарт. Ошондо бул жаман, бул жакшы деп көрүшөт.