Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиналык диверсанттар "Тольятти-Одесса" аммиак түтүгүн жардырды

Ведомстводон россиялык аскерлердин арасынан жабыркагандар жок экендигин белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Харьков облусундагы эл жашаган Масютовка аймагында 5-июнда саат 21:00дөр чамасында украиналык диверсиялык топ аммиак өткөн "Тольятти-Одесса" түтүгүн жардырган. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Учурда түтүктүн бузулган участоктору аркылуу аммиактын калдыктары Украинанын аймагынан чыгарылып жатканы айтылды.
Жасалган бул диверсия жай жарандардын өмүрүн алган учурлар бар экени, аларга зарыл жардамдар көрсөтүлгөнү кабарланды.
"Тольятти-Одесса" аммиак түтүгү аталган затты Россиядан экспортко Украинанын аймагы аркылуу чыгарып турган.
Ведомстводон россиялык аскерлердин арасынан жабыркагандар жок экендигин белгилешти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мэр: Каховка ГЭСинин жогорку бөлүгү аткыланды, дамба жарылган жок