УКМК Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки депутатын акча талап кылды деп кармады

Аты аталгандар текшерүүлөрдү уюштуруп, коркутуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен акча алышканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. УКМК Таш-Көмүр шаарынын эки депутатын акча талап кылгандыгы үчүн кармаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-май күнү шаардык кеңештин төрагасынын Б.С.С. аттуу орун басары жана С.Н.А. аттуу депутаты 25 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
"Аты аталгандар ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам деп коркутуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун ("Опузалап талап кылуу") негизинде кылмыш иши козголуп, айып тагылган", — деп айтылат маалыматта.
Соттун чечими менен депутаттар УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
УКМК бийликти басып алуу аракетине айыпталып кимдер кармалганын билдирди. Видео