Радио

Суу азыркыдан да көп пайдаланылып, анын азайышы болжолдонууда

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси Эркинбек Абдрасулов суу пайдалануу саясаты тууралуу айтып берди.
Sputnik
Климат өзгөрүп, демографиянын өсүшүнөн улам суунун көбүрөөк пайдаланылып, бирок суу ресурстарынын азайышы болжолдонууда. Бул тууралуу Эркинбек Абдрасулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, соңку 70 жылда мөңгүлөрдүн жалпы аянты 16 пайызга кыскарган.
"Акыркы учурдагы климаттын өзгөрүүсү, калктын санынын көбөйүшү өндүрүштө жана башка тармактарда сууну пайдалануунун өсүшү аталган ресурска аяр мамиле жасоону талап кылууда. 1970-жылы республика аймагында жалпы аянты 7 944,2 чарчы чакырым, көлөмү 549 чакырым куб болгон 8164 мөңгү бар эле. Борбор азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына ылайык, 70 жыл ичинде мөңгүлөрдүн жалпы аянты 16 пайызга, ири мөңгүлөрдүн аянты 17 пайызга кыскарып, ири мөңгүлөрдүн майдаланышы байкалууда. 2021-жылы президенттин суу жана жер ресурстары боюнча Улуттук кеңеш түзүү жөнүндө №532 буйругу кабыл алынган. Анын алкагында 2040-жылга чейинки улуттук суу стратегиясы иштелип чыкты. Анда суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, аны коргоп сактоо жана аталган ресурсту башкаруу системасын реформалоо сыяктуу үч багыт камтылган. Суу боюнча бирдиктүү маалымат системасын түзүү багытында иштер жасалып, нормативдик актылар каралууда", — деди Абдрасулов.
Ошондой эле ал суу ресурстарына дарыялар, көлдөр, каналдар, суу сактагычтар, жер астындагы суулар жана мөңгүлөр кирерин кошумчалады.