Сочиде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын тар курамдагы жыйыны өттү

Кийинки жолугушуу 2023-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочиге болгон жумушчу сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Отурумдун күн тартибинде 10 маселе, анын ичинде эркин сооданы өнүктүрүү, ЕАЭБде алкоголдук рынокту жөнгө салуу, интеграцияланган маалыматтык система жана санариптик күн тартиби, биримдиктин электр энергиясынын рыногу боюнча маселелер каралды.
Өкмөт башчылары климаттык күн тартибинин алкагында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кызматташуусу боюнча чаралардын биринчи пакетинин ("Жол картасы") аткарылышы боюнча отчетту угушту.
Ошондой эле Россиянын демилгесин кароонун жыйынтыгында Евразия экономикалык комиссиясына мүчө-мамлекеттер менен биргеликте Евразиялык рейтингдик агенттикти түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.
Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын 2023-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өткөрүү макулдашылды.
Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды