БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Астана эл аралык форумуна катышуу үчүн Казакстандын борбор шаарына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Аны Казакстандын премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.
Сапардын жүрүшүндө Жапаров "Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда" темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.
Форум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат. Анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.