Путин: Киев согуштук аракеттердин күчөшүнө басым жасоодо

Мамлекет башчылары Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Киев бийлиги батыштык кураторлорунун сунушу боюнча дагы эле согуштук аракеттердин күчөшүнө ставка жасап жатат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтты.
Мамлекет башчылары Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
“Путин Киев бийлиги Батыш кураторлорунун сунушу менен дагы эле согуштук аракеттерди күчөтүүгө, согуш кылмыштарын жасоого, террористтик ыкмаларды ачык колдонууга, Россиянын аймагында диверсияларды уюштурууга басым жасап жатканын айтты. Херсон аймагындагы Каховская ГЭСин талкалап, ири экологиялык жана гуманитардык катастрофага алып келүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө.
Путин менен Эрдоган орус-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин да талкуулашты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия лидери Москвага пилотсуз учактардын жасаган "сапары" боюнча үн катты