УКМК өз өлкөсүндө экстремизм үчүн издөөдө жүргөн чет элдик аялды кармады. Сүрөт

31 жаштагы шектүү атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Экстремисттик коомчулукту уюштурууга катышкандыгы үчүн өзүнүн өлкөсүндө издөөгө алынган чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Көрүлгөн чаралардын негизинде Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык К.А.Г. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда аталган комитеттен 31 жаштагы чет элдик бул аял Кыргызстандын аймагында аны жашырууга тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында тергелип жатканы айтылды.
УКМК: диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик адам кармалды