Прокуратура: Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоодо 189 млн. сом "желген"

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштегендердин мамлекетке акчалай зыян келген ишке катыштыгы бар экени айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоодо 189 миллион сом кымырылганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, 2017-2021-жылдары аталган жолдун 75-108-чакырымдарын реконструкциялоо долбоору боюнча подрядчы компанияга 20 миллион 136 миң 220 доллар которулган.
"Бирок министрликтин жооптуу кызмат адамдары подрядчы компания 189 миллион 200 миң 223 сомдук жумушту аткарбагандыгына карабастан, атайын банктык кепилдикти узартпай туруп жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алышкан. Ошондой эле жолду мыйзамсыз эксплуатацияга киргизип, мамлекетке 189 миллион сомдон ашык зыян келтирген", — деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 245 ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренелери ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Бүтпөй турган Бишкек — Кара-Балта жолунун курулушунан 104 млн. сом кымырылган