БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын санариптик экономика, транспорт, логистика, өнөр жай, агроөнөр жай кооперациясы жана салыктык башкаруу боюнча жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң потенциалы бар. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди.
Мишустиндин айтымында, өнөктөштүктү кеңейтүүдө аймактар аралык кызматташуу маанилүү роль ойнойт. Күзүндө 10-орус-кыргыз аймактар аралык конференциясы өтөт.
РФ өкмөтүнүн башчысы чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан өткөрүлө турган инвестициялык форумдун алкагында кызматташууну кеңейтүүгө чакырды.