Кыргызстанда жашаган Ленинград блокадачыларына Москвадан гумжардам келди

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Москва өкмөтү Кыргызстанда жашаган Ленинград блокадачыларына медициналык буюмдарды жана белек-бечкек жөнөттү.
1 / 4

Москва өкмөтү Кыргызстанда жашаган Ленинград блокадачыларына медициналык буюмдарды жана белек-бечкек жөнөттү

2 / 4

Мындай гуманитардык жардам үчүнчү жыл катары менен келүүдө

3 / 4

Блокадачылардын кыргыз коомунун башчысы Марат Кутанов жардамдын ичинде таяктар, коляскалар, атайын жасалган матрастар, термометрлер жана башка нерселер бар экенин билдирди

4 / 4

Анын айтымында, республикада учурда 11 блокадачы бар. Эң улуусу 97 жашта.

Мындай гуманитардык жардам үчүнчү жыл катары менен келүүдө. Блокадачылардын кыргыз коомунун башчысы Марат Кутанов жардамдын ичинде таяктар, коляскалар, атайын жасалган матрастар, термометрлер жана башка нерселер бар экенин билдирди.
Анын айтымында, республикада учурда 11 блокадачы бар. Эң улуусу 97 жашта.
Кутанов коомго блокадачылардын урпактары да кабыл алынарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, согуш жылдарында блокададагы Ленинграддан 16 миңден ашуун адам, анын ичинде 3,5 миң бала Кыргыз ССРине эвакуацияланган. Ленинград үчүн салгылашта 4,5 миңден ашуун кыргызстандык баатырларча курман болгон.
Бишкекте блокадачы Анна Кутанованын эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды. Видео