Кыргызстан оорукана, лабораторияларды жакшыртуу үчүн АӨБдөн 30 млн. доллар алат

Долбоордун жалпы наркы 35 миллион долларды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу үчүн 30 миллион доллар алат.
Аталган келишимди ратификациялоо долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда жактырылды.
Долбоордун жалпы наркы 35 миллион долларды түзөт. Анын ичинен 10 миллиону кредит, 20 миллиону грант. Калган 5 миллион долларын кыргыз өкмөтү бажы жана башка төлөмдөрдүн эсебинен толуктайт.
Анын алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында 16 лаборатория жана 5 оорукана, ошондой эле биоматериалдарды жыйноочу 50 пункт камтылган. Оңдоо иштерин жүргүзүү да пландаштырылууда.
Бардык оорукана жана лабораториялар 41 түрлүү лабораториялык жана 30дан ашык медициналык жабдуу менен камсыз болот.
Каражат алуунун максаты — лабораториялардын жана чек арада жайгашкан ооруканалар тармагын өнүктүрүү аркылуу калктын ден соолугун жана саламаттык сактоо, коопсуздугун бекемдөөгө жардам берүү.
Кыргызстан медицина тармагын жакшыртуу үчүн чет жактан 4,5 млн. евро алат