Кыргызстан менен Катар кайсы багыттар боюнча кызматташат?

Жапаров Катар эмиринин Кыргызстанга сапары өлкөнүн кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана анын келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүү чараларын талкуулашты.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү

2 / 2

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана анын келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүү чараларын талкуулашты

Жапаров Катар эмиринин Кыргызстанга сапары өлкөнүн кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.
"Бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачарына жана ар кыл багыттарда кыргыз-катар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү берерине терең ишенем", — деди Жапаров.
Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык кеңеерине бекем ишенимин билдирди. Атап айтканда, соода-экономикалык чөйрө, инфратүзүм, туризм, айыл чарбасы жана башка тармактарда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Катар эмири өлкөлөр ортосундагы саясий кызматташтыктын алкагында Өкмөттүк деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлөрүн айтты. Ал эки өлкөнүн мамлекеттик органдары бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүүсү керектигине басым жасады.
Соңунда Катар мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстан менен Катар ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнөктөштүк деңгээлине көтөрүү ниетин баса белгиледи.
Лидерлер бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.
Катар эмиринин Кыргызстанга сапары. Салтанаттуу иш-чарадан сүрөттөр