Пресс-борбор

Кыргызстанга быйыл 10 млн. туристтин келиши күтүлүп жатат

Быйылкы жылдын алгачкы үч айында өлкөгө 1,8 миллион турист кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жасалып жаткан божомолдорго караганда, бул жылы Кыргызстанга 10 миллионго чейин турист келет. Бул тууралуу туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымына караганда, былтыр өлкө 14 миллион туристти кабыл алган. Бул чет жактагы кыргызстандыктар менен бул жерде иштеген чет элдиктерди кошкондо чыккан сан.
Эл аралык сунуштамалардын негизинде департамент алардын ичинен 7,5 миллион туристти бөлүп эсептеген.
"Булар эс алганы жана иш сапар менен келгендер. Быйыл туристтердин арбын келиши, "туристтик бум" күтүлүп жатат. Туризм жаатында Кыргызстан эле эмес, бүткүл Борбор Азия кызыктуу. Быйыл 10 миллион турист келген чекке жетебиз", — деген Кенжематова.
Кыргызстанга I кварталда 1,8 миллиондон ашык турист кирген. Алардын көбү Өзбекстандан, Казакстандан, Россиядан келсе, Европа жана Араб өлкөлөрүнөн сапар алгандар да бар.
Бишкектин борборунда туристтик фестиваль өтүүдө. Сүрөттөр