БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкекте 17-июнь күнү KFC Night Run 2023 деп аталган түнкү жарым марафон өтө турганын Nomad Sport коомдук уюму билдирди.
KFC Night Run 2023 — бул Кыргызстанда түн ичинде өтүп келген жалгыз жарыш. Спорттук иш-чара быйыл бешинчи ирет өтөт. 2 500 жөө күлүк борбор калаанын көчөлөрүнөн чуркап өтөрү пландалууда.
Мында катышуучулар Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун алдындагы хосписке жардам бере алышат. Байтик айылында жайгашкан мекемеге жөө күлүктөрдүн төккөн акчасынын бир бөлүгү жөнөтүлөт.
Жарыш "Аю Гранд" соода борборунан башталып, ошол жактан аяктайт. Катышуучулар Валиханов көчөсү жана Чүй проспектиси менен чуркашат. Жарыш өткөн маалда жолдун бир тилкеси жабылмакчы.
Жөө күлүктөр күчүн 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркап сынашат. Айрым командалар Ekiden эстафетасына да катышары айтылды.
KFC Night Run 2023 жарышынын маршрутун жана программасын nomadsport.net. сайтынан карап алууга болот.