БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани президент Садыр Жапаровду быйыл анын өлкөсүндө өтө турган Азия кубогуна чакырды.
Эмир Жапаровго 2022-жылы декабрь айында Катарга жасаган сапары үчүн ыраазылык билдирди. Анда Кыргызстандын жетекчиси дүйнө чемпионатынын финалына барган.
"Сапарыңыз жана Катарда чемпионатты уюштуруудагы жылуу сөздөрүңүз үчүн чоң рахмат. Бүт дүйнө көз салып турду. Футболго көңүл бөлгөнүңүз бизди кубантты. Жакында Дүйнө кубогун өткөрүүгө ниеттенип жатабыз жана сизди чакырабыз", — деген катардын эмири Жапаровго.
Алгач Азия кубогун 2023-жылдын жай айларында Кытайда өткөрүү пландалган. Бирок өлкө бийлиги COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдөн улам турнирди уюштуруудан баш тарткан. Биринчилик Катарга өткөрүп берилген. Бул өлкөдө климат өтө ысык болгондуктан турнир кыш айында, 12-январдан 10-февралга чейин болот.
Учурдагы чемпион Катардын командасы болуп саналат.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жетти. Биринчи ирет турнирге 2019-жылы катышып, 1/8 финалга чейин ойногон.