Кыргызстан менен Катардын ортосунда 13 документке кол коюлду. Тизме

Эмир Кыргызстанга 6-июнь күнү келген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Катар эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу 13 документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
1.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосунда маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуу;
2.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
3.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
4.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы бажы мыйзамдарын оптималдуу колдонуу жана бажылык тартип бузууларга бөгөт коюу, ага каршы күрөшүү максатында өз ара административдик жардам жөнүндө макулдашуу;
5.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы ветеринария тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
6.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосунда спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
7.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Катар мамлекетинин Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
8.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Катар мамлекетинин Муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
9.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Катар мамлекетинин Муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосунда айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
10.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Катар мамлекетинин Финансы министрлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
11.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Катар мамлекетинин Ички иштер министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
12.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Катар мамлекетинин Борбордук банкынын ортосунда борбордук банктардын ишмердиги жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
13.
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен Катар авиациялык колледжи ортосунда адистерди даярдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Кыргызстан менен Катар кайсы багыттар боюнча кызматташат?