Катар эмиринин Кыргызстанга сапары. Салтанаттуу иш-чарадан сүрөттөр

Эмирдин мамлекеттик сапары бүгүн карыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бүгүн, 7-июнда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 7

Бүгүн, 7-июнда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

2 / 7

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын алдында Кыргызстандын жана Катар мамлекетинин мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү

3 / 7

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашкан соң Кыргызстандын жана Катардын мамлекеттик гимндери жаңырды

4 / 7

Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү

5 / 7

Андан соң Садыр Жапаров жана Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды

6 / 7

Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү

7 / 7

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын алдында Кыргызстандын жана Катар мамлекетинин мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.
Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашкан соң Кыргызстандын жана Катардын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.
Андан соң Садыр Жапаров жана Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды. Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү.
Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.
Бишкекте айрым көчөлөр 6-7-июнь күндөрү маал-маалы менен жабылып турат