Бишкекте суу тартыштыгынан улам тургундар жолду тосуп алышты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Суу тартыштыгынан улам Бишкектин түштүк-батыш тарабында Арча-Бешик конушунун жашоочулары жолду тосуп алышты.
Алар ичүүчү суунун жоктугуна нааразы болуп жатат. Тургундардын айтымында, суу боюнча азыркыдай көйгөй көптөн бери боло элек болчу.
Эл чогулган жерге "Бишкек суу каналдын" жетекчиси Таалайбек Орозов барды.
Белгилей кетсек, Бишкекте ичүүчү суунун тартыштыгы жаралгандыктан бир катар менчик мончолор, автоунаа жууган жайлар, бассейндер убактылуу жабылган. Ошондой эле борбор калаада мындан ары түнкүсүн муздак суу өчүрүлүп турары кабарланган.
Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев Sputnik агенттигинде өткөн брифингде Бишкекте, өзгөчө шаардын түштүк бөлүгүндө, жаңы конуштарда суунун деңгээли азайып кеткенин, бул биринчи кезекте керектөөнүн жогорулашы менен байланыштуу экенин айткан.
Радио
Суу азыркыдан да көп пайдаланылып, анын азайышы болжолдонууда