БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Аскер институтунун курсанттары 17-апрелден тарта жогорулатылган стипендия ала баштаганын Генералдык штаб билдирди.
Буга чейин 500 сом алып келген курсанттар эми окуудагы жетишкендиктерине жараша 4000 сомдон 8500 сомго чейин алышат.
Мындай стипендияны 2-курстан тарта алууга болору айтылды. Мында жалаң 5ке окугандар — 8500 сом, ал эми "3" жана "4" алгандар — 4000-6000 сом алышат.