Акылбек Жапаров ЕК менен КМШнын жыйынына катышуу үчүн Сочиге барды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочиге барды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ал ошондой эле III Евразия конгрессинин пленардык жыйынында сөз сүйлөп, "Евразия – биздин үй" эл аралык көргөзмөсүнө барат.
Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү айтылды.
Кыргызстан менен Кытай 6 ГЭС курат. Акылбек Жапаров жерлерди көрүп чыкты