БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кинорежиссер Актан Арым Кубат Шанхайда өтчү эл аралык кинофестивалга калыстар тобунун башчысы катары чакырылды. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.
Кыргызстандык режиссер Шанхай эл аралык кинофестивалынын "Азиянын жаңы таланттары" сынагынын кытайлык продюсери Жоджо Хуэй, актриса Ян Цзышань, сценарист Лу Янг жана япониялык режиссер Кеи Исикавадан турган жюрилер тобун жетектемекчи.
9-18-июнда Кытайда боло турган фестиваль 1993-жылы негизделген. Ага катышуу үчүн жыл сайын дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүнөн миңдеген тасма катталат.
Аталган фестивалга буга чейин конок катары дүйнөлүк кино жылдыздардан: Жеки Чан, Николь Кидман, Брэдли Купер, Натали Портман, Хью Грант, Аманда Сейфрид, Николас Кейдж, Жейсон Стэйтем сыяктуулар катышкан.
Фестивалдын атайын конкурстан тышкары программасында режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы тартууланат.