Өлөр-тирилерине карабай. Жалал-Абадда автоунаа менен жарышкандар кармалды. Видео

Темир тулпарлар менен жарышкандардын аскердик бөлүктүн дубалын талкалай сүзгөн учуру катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. УКМКнын спецназы менен Жалал-Абад облусунун жол милициясы автоунааларды мыйзамсыз жарыштырып жүргөндөрдүн ичинен 34 кишини кармады. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады.
"Бул топ ири суммадагы акча сайып, мыйзамсыз көчө жарышын системалуу түрдө өткөрүп келишкен. Автоунаа бейбаштары коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин одоно бузуп, жол кыймылына коркунуч туудурган көп кырдаалдарды жаратып, жол кырсыктар бир нече ирет катталган. Ушундай жарыштардын биринде Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосу талкаланган", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада 2023-жылдын 2-июнунда Сузак районунун аймагында дагы бир жолу мыйзамсыз автоунаа жарышын өткөрүү аракети токтотулуп, 34 адамдан турган топ 16 автокөлүгү менен кармалган.
1 / 3

УКМКнын спецназы менен Жалал-Абад облусунун жол милициясы автоунааларды мыйзамсыз жарыштырып жүргөндөрдүн ичинен 34 кишини кармады

2 / 3

Бир катар автоунаалардын айнеги караңгылатылып, айдоочулардын айрымдарынын ичип алганы аныкталган

3 / 3

Бул фактыдан кийин проктол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүрдү.

Бир катар автоунаалардын айнеги караңгылатылып, айдоочулардын айрымдарынын ичип алганы аныкталган. Бул фактыдан кийин проктол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүрдү.
Караколдун чок ортосунда дрифт жасаган айдоочу кармалды