Депутат Икрамов соцтармакта сөгүнгөндөргө айып салууну сунуштады. Суммасы

Эл өкүлү соцтармакта эки-үч адам түз эфирге чыгып алып адам укпаган сөздөр менен сөгүшүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов социалдык тармактарда сөгүнгөндөргө 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салууну сунуштады.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланган.

"Тик-Токто же Facebook тармагында бири-бирин сөгүп жатат. Алардын дареги бар, айып салып эле токтотпосок болчудай эмес. Антпесек буларды көрүп-уккан адамдар да бар экен. Андыктан кыргызстандыктарга көп айып салып, сөгүнүүнү токтото турган чара көрүп койсоңуздар", — деди Икрамов.

Ал ошондой эле соцтармакта эки-үч адам түз эфирге чыгып алып адам укпаган сөздөр менен сөгүшүп жатканын кошумчалады. Мындан улам Маданият министрлиги буларды тыюуга аракет кылбаганын сындады.
Депутат, мугалим каза болсо үй-бүлөсүнө канча компенсация төлөнөт? Расмий жооп