БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. АКШнын Коргоо министрлиги украиналык аскерлердин контрчабуулду баштаган-баштабаганын так айта албай жатканын РИА Новости Politico басылмасына таянып жазды.
Ведомствонун атын атагысы келбеген аткаминерлеринин биринин айтымына караганда, контрчабуул "расмий" башталган. Бирок башка жетекчилер украиналык күчтөрдүн активдүүлүгү байкалганы менен бул контрчабуулдун башталышын түшүндүрбөй турганын белгилешкен.
New York Times басылмасы украиналык аткаминерлер америкалык кесиптештерине контрчабуулдун башталчу датасын кабарлабагандыгын, бирок качан баштоо туурасында убактылуу коюлган чекти белгилешкенин жазды. Атын атагысы келбеген маалымат булагы аскерлердин азыркы активдүүлүгү ошол айтылып жаткан чекке туура келерин билдирген.
Россиянын Коргоо министрлигини рамий өкүлү, генерал-лейтенант Игорь Конашенков Украинанын Куралдуу күчтөрү 4-июндун таңынан тарта Түштүк Донецк багытында беш жерде ири кол салууларды баштаганын билдирген.
Анын айтымына караганда, чабуулга Украинанын баш-аягы механизациялаштырылган алты, танкалык эки батальону киргизилген. Киев белгилеген россиялык коргонуунун аялуу жерлерин мелжеген. Бирок жыйынтыгында каршылаш тараптын ойлогону ишке ашпай, ийгиликке жете алган эмес.
Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү россиялык аскерлер Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк Донецк багытындагы чабуулунун мизин кайтаргандыгын айтты. Бул Киев режими күчүн кайра топтоп жасагандан кийин болгон. Маалыматтарга караганда, украиналык 1,5 миңден ашуун жоокер, 28 танк (анын ичинде сегиз Leopard), франциялык AMX-10RC танкаларынын үчөө зыянга учураган.
Украиналык контрчабуулдун мөөнөтү бир нече ирет жылдырылган, эми да жылдырылууда. Россиялык комментаторлор бул "кыжалаттыкты", биринчиден, маалыматтык согуш менен байланыштырышкан. Контрчабуул туурасында улам эле жар сала берүү Россияны дайыма чыңалууда кармайт деген ишенимде болушкан. Экинчиден, Батыш киевдик бийликтен тез арадагы ийгиликтерди жана толук жеңишти талап кылууда, демек, аларга дайыма отчет берип турууга туура келет.
Economist басылмасы дүйшөмбү күнү кызматтагы адамдарга шилтеме кылып Батыш Украинанын контрчабуулду эки жума мурда эле баштайт деген ишенимде болгонун, бир катар аткаминерлердин чыдамы түгөнгөнүн жазды. Ал арада Украинанын коргоо министринини орун басары Анна Маляр дүйшөмбү күнү украиналык күчтөр коргонуу операциясын улантарын, ал эми бир катар аймактарда контрчабуул аракеттерине өтөрүн билдирген.
Ал эми Батыштын ЖМКлары бир аз мурдараак Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ошол эле башкы штабынан украиналык контрчабуулдун башталышын танып, бул туурасында кабары жоктугун айтышкан.