Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мэр: Каховка ГЭСинин жогорку бөлүгү аткыланды, дамба жарылган жок

Каховка ГЭСи — Днепрдеги гидроэлектр станцияларынын каскадындагы алтынчы тепкич.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Каховка ГЭСинин жогорку бөлүгү аткыланды, дамба жарылган жок. Бул тууралуу Жаңы Каховка шаардык округунун администрация жетекчиси Владимир Леонтьевге таянуу менен РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, шейшембиге караган түнү бир катар Telegram-канал Каховка ГЭСи толугу менен кыйраганын жазып чыгышкан. Айрымдар дамбанын жарылган учуру деп видео таратышкан.
"Түнкү саат экиде ГЭСтин суунун чыккан жерин тосуп туруучу устундар сакталган жогорку бөлүгү аткыланган. Дамба талкаланган жок. Кыйроодон кийин суунун деңгээли 2,5 метрге көтөрүлдү", — деди Леонтьев.
Каховка ГЭСи — Днепрдеги гидроэлектр станцияларынын каскадындагы алтынчы тепкич, Херсондогу Жаңы Каховка шаарынан беш чакырым аралыкта жайгашкан. Анын кыйроосу миңдеген адамдын өлүмүн шарттайт.
Россия буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешине украин аскерлеринин ГЭСти аткылоо боюнча чагымчыл аракеттерин токтотууну талап кылып, кат менен кайрылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ министрлиги: Украина күчтөрүнүн кол салууга камынган техникасы талкаланды