Кадамжайда окуучулардын унаадан кулашы. Кимдер кандай жазаланды

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. 9-класстын окуучулары кырсыктаган Кадамжай районундагы мектептин администрациясы менен педагогдоруна чара көрүлдү.
Окуя 1-июнь күнү болгон. Өрүкзар айылында сүрөткө түшүү үчүн балдарды ташып бараткан Hyundai Porter автоунаасынын борту сынып кетип, 9-класстын тогуз окуучусу кулап түшкөн. Машинаны класс жетекчи айдап бара жаткан. Ушу тапта эки окуучу кыз реанимацияда жатат.
Мектептин директору А.Алимбаевге эскертүү берилип, жетекчинин тарбия иштери боюнча орун басары А.Калбаева, социалдык педагогдор А.Коргонова менен Г.Сабирова, ошондой эле класс жетекчилер Г.Закирова менен А.Үрүстөм кызы иштен бошотулду.
Бишкек — Ош жолундагы таңкы кырсык 6 адамдын өмүрүн алып кетти. Видео