Радио

Алиева: гепатитке каршы эмдөөнү ар 15 жылда кайталап турса болот

Инфекционист-гепатолог Кымбат Алиева гепатитке каршы вакцинанын активдүү мөөнөтү 15 жыл болорун айтты.
Sputnik
Учурда өлкөдө вирустук гепатитке каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Мунун жарактуу мөөнөтү 15 жыл. Тактап айтканда, эмдөөдөн өткөн соң 15 жылдан кийин гепатитке болгон иммундук жообун текшерип коюш керек. Бул тууралуу Кымбат Алиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө улуттук календардын негизинде алгачкы ирет эмдөө алган балдарды учурда текшерүүдөн өткөрүп, кайталап эмдетип койсо болот.
"Гепатиттин вирустук түрүнө карата жасалып жаткан эмдөө 15 жылга берилет. Андан соң адам вируска болгон иммундук абалын текшертип коюшу шарт. Төмөн болсо кайра кайталап вакцина алганы туура болот. Кыргызстанда 2000-жылдан тарта аталган илдетке каршы вакцина сайыла баштады. Тактап айтканда, ушул жылы төрөлгөн балдардын баарына улуттук эмдөө календарынын алкагында вакцина сайылган. Азыр бул балдарды деле бир сыйра текшертип, иммундук жообу төмөн болсо кайталап эмдөөдөн өткөрүп койсо болот", —деди Алиева.
Дарыгер гепатитке каршы эмдөө үч этаптан турарын жана вакцина алган аралыкта организмге тиешелүү эч кандай чектөөлөр коюлбастыгын кошумчалады.