Бишкекте эртең, 7-июнда, электр кубаты өчө турган жерлердин тизмеси

Шаршемби күнү адистер менен жумушчулар трансформатордук подстанцияларды көздөн өткөрүп, дарактардын бутактарын кесүү жана башка иштер менен алек болот.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Эртең Бишкектин бир катар райондорунда электр энергиясы өчүрүлөт. Бул туурасында "Бишкек электр тармактары" ишканасынан кабарлашты.
Шаршемби күнү адистер менен жумушчулар трансформатордук подстанцияларды көздөн өткөрүп, дарактардын электр линияларынын өтүшүнө тоскоол болгон бутактарын кесүү жана башка иштер менен алек болот.
Электр кубатын өчүрүүнүн графиги:
9:00 - 17:00 — Гончарная, 2-Гончарная, Чоң-Коргон көчөлөрүнүн, Красный строитель жана Гончарный чолок көчөлөрүнүн тилкелеринде өчүрүлөт;
9:30 - 16:00 —Пролетарская көчөсүнүн, Эркиндик, Жибек Жолу проспектилеринин тилкелеринде;
9:30 - 17:00 — Батыш промзонасында, Логвиненко, Баялинов, Киев (№168 үй), Баетов, Муромская, Алыкулов көч. тилкелеринде, Ак-Ордо (Гагарин, Алыкулов көч.), Калыс-Ордо (11, 13,115-көч.) конушунда жана 8-кичи райондо (№3 үй);
9:30 - 18:00 — Достук (№1/3, 49а, 49б, 49в үйлөрүндө) кичи районунда;
10:00 - 16:00 — Жал-15 кичи районундагы Коперник көчөсүндө.
Шашылыш билдирүү. Жакынкы үч күндө катуу ысык болуп, 40 градуска чыгат