Бишкекте эми түнкүсүн муздак суу өчүрүлүп турат. График

Борбор калааны ичүүчү суу менен туруктуу камсыздаш үчүн аргасыз чараларды көрүүгө туура келип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкектеги суу боюнча кырдаалдан улам шаардын түштүк тарабында түнкүсүн суу берүү токтотулат. Бишкек мэриясы муну аргасыз кадам деп атады.
Борбор калааны ичүүчү суу менен туруктуу камсыздаш үчүн айласыздан жогорудагыдай чараларды көрүүгө туура келип жатканы айтылды. Ал эми ооруканаларда чектөө болбойт.
Бишкектин түштүк райондорундагы үйлөрдүн жогорку кабаттарына берилүүчү суу саат 23:00дөн 6:00гө чейин токтотулат. Бул Ынтымак жана Ала-Арча конуштарына да тиешелүү экени айтылды.
Бишкектеги суу тартыш: бийлик мончо, бассейн, автоунаа жууган жайларды жабууда