Бишкек шаарынын тургундары сууну нормадан беш эсе көп колдонуп жатат. Бул тууралуу Таалайбек Орозов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, норма бир кишиге 170 литрди түзсө, май айында бул көрсөткүч 500 литрге чейин чыккан.
"Азыркы кезде сууну эң биринчи кезекте элге берип, жеткирүү зарыл. Андан кийин бассейн, мончо жана унаа жуучу жайларга беребиз. Бишкек шаары боюнча суу тартыштыгы эң көп жаралган аймак азыркы тапта Арча-Бешик конушу болуп жатат. Киргизилген чектөөнү мекеме-ишканалар түшүнүү менен кабыл аларына ишенем. Бул чектөө май айында суунун пландалган өлчөмдөн көп колдонулгандыгынан улам жаралды. Норма боюнча бир кишиге 170 литр суу туура келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч дээрлик беш эсеге көбөйүп, 500 литрге чейин чыгууда", — деди "Бишкек суу канал" башкармалыгынын жетекчиси.
Ал ар бир үйгө сууну өлчөгөн эсептегич коюш керектигин кошумчалады.