Бишкек — Ош жолундагы таңкы кырсык 6 адамдын өмүрүн алып кетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы үрөй учурган кырсыктан алты киши каза тапты.
Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, трагедия болгон жерден төрт киши мүрт кеткен, ооруканага алып баратканда жолдон эки адам көз жумган.
Бүгүн таңга жуук Mercedes-Benz менен Toyota Alphard автоунаалары кагышкан. Ооруканага сегиз киши түшкөн.
Министрлик эки автоунаада баш-аягы 14 киши болгонун, алардын ичинен төртөө он жашка чыга элек балдар экенин билдирди.
Ошто окуучулар айдап бараткан унаа каналга түшүп кетип, үч бала тең каза болду. Сүрөт