Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялады

Сынакка катышуу үчүн 14-июнга чейин керектелген документтерди тапшыруу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн башкы, улук жана кенже топторуна административдик мамлекеттик кызмат орундарына ачык конкурс жарыяланды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жумушка кирүүнү каалагандар төмөнкү документтерин 2023-жылдын 14-июнуна чейин тапшырса болот:
жеке арыз;
өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
резюме;
нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
паспорттун көчүрмөсү;
соттолбогондугу тууралуу ИИМден маалым кат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн (0312) 62-05-09 номери аркылуу байланышууга болот.
Бишкекте мекенине кайткан мигранттар үчүн бизнес-курстар уюштурулат