7-июнга карата аба ырайы

7-9-июнда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 35…40 градуска чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Шаршембиде тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32...+37, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын жергесинде +23...+28 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында +35...+37 градуска жетет.
Шашылыш билдирүү. Жакынкы үч күндө катуу ысык болуп, 40 градуска чыгат