БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. РФтин Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ири кол салууну уюштуруу аракети учурунда аскердик техникасы жок кылынган видеону көрсөттү.
Эске салсак, Украинанын Куралдуу күчтөрү 4-июнда таңдан тарта Түштүк Донецк багытында беш жерде чабуул баштаган. Анда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык резервдеринен механизациялаштырылган 23 жана 31-бригадаларын согушка киргизген.