БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстанда көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, анын жетекчиси делген Даниэл Ажиев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, чекисттерге аталган вебкам студияларынын оператору болуп иштеген Э.А. аттуу жаран кайрылган. Ал ички эмгек тартибин бузгандыгы үчүн администратор Н.Ш. тарабынан психологиялык басымга кабылып, күч колдоном деп коркутуу жолу менен арыздануучудан 2000 доллар акча талап кылганы аныкталган. УКМК бул кайрылуу Ажиевге таандык деп эсептелген үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болгонун билдирди.
"Ал жерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акча үчүн интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 компьютердик техника болгон. Белгиленген топтун мүчөлөрү Д.А. тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө "моделдер" делген кыздарды тартып, эбегейсиз киреше алып турушкан. Алардын кызматын чет өлкөлөрдө жашагандар пайдаланган. Операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт", — деп айтылат.
Кылмыш ишинин алкагында бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып, тергөө абагына киргизилген.
УКМК Даниэл Ажиев кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 31-майда Кыргызстандан чыгып кетип, ага издөө жарыяланганын кабарлады. Андан кийин комитеттин талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткан жеринен Өзбекстандан кармалды.
Эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын координацияланган иштеринин натыйжасында 4-июнда Ажиев Кыргызстанга өткөрүлдү.