БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы ичүүчү сууну нормадан көп колдонгондорго жогорку төлөм системасын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Мында электр энергиясы сыяктуу эле нормадан ашык колдонулса адаттагы тарифтен көбүрөөк төлөө каралган.
© Sputnik / Жантай Макенов
"Негизи нормативдеги сууну колдонуу турмуш-тиричиликке жетет. Бирок биз анын сарамжалдуу колдонулбай жатканын байкап жатабыз. Жакынкы күндөрү тарифтер боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарабыз", — деди Шамыралиев.
Ошондой эле ал суунун бир суткага карата керектелүүчү нормасы 170 литрди түзөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, 1-июндан тарта ичүүчү суунун жана канализацияны колдонуунун тарифи жогорулаган.