Радио

Мэрия Бишкекте жаңы таштанды полигонун ишке берип, эскисин бакчага айлантат

Бишкек мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев Бишкектин четиндеги таштанды полигону иретке келтирилгенин айтты.
Sputnik
Бишкекте жаңы таштанды полигону 2024-жылга чейин ишке кирет. Бул тууралуу Жыргалбек Шамыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин азыркы таштанды полигонундагы өчүрүлгөн өрт 30 жылдан бери өчпөй келген.
"Бишкектин четинде жайгашкан таштанды полигонун иретке келтирүү иштери бир нече этаптар менен жүрдү. Бул жерде мамлекет менен бирге эле ыктыярчылардын да өзгөчө салымы бар. 30 жылдан бери таштандылардын калдыктарынан улам чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Буга чейин таштанды полигонунда өзүнчө бир жашоо пайда болуп калган болчу. Ал эми азыр ар бир таштанды төккөн унаалар текшерилип, көзөмөлгө алынып калды. Ошондой эле Бишкекте жаңы таштанды полигону, буюрса, 2024-жылга чейин ишке кирет", — деди Бишкек мэринин орун басары.
Ал алдыңкы жылдарда азыркы таштанды полигонунун орду бакчага айланарын кошумчалады.