Манаста анткор, митаам, куйту дегенди түшүндүргөн "жукуй" деген сөз кездешет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, адамдын терс сапатын сүрөттөгөн сөз эпосто бир нече жеринде колдонулган.
"Анткор, митаам, куйту, чубут дегенди түшүндүргөн "жукуй" деген сөз кездешет. Манаста: "Адамзаттан башкача кулкуйлугу дагы бар,/Пенде кулун өзгөчө жукуйлугу дагы бар" деген саптар бар. Жаман сапаттарга ээ болгон адамга карата айтылган "жукуй" деген сөздү колдонгон саптар улуу баянда арбын", — деди Талантбеков.
Ошондой эле манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу зарылчылыгын кошумчалады.