Радио

Болотбеков: өлкөдө компьютердик оюндар спорт катары калыптана баштады

Киберспорт федерациясынын вице-президенти Тариэл Болотбеков киберспорт турнирлеринин байге фондуна кызыгып келгендер көп экендигин айтты.
Sputnik
Өлкөдө компьютердик оюндар спорт катары калыптанып калды. Бул үчүн федерация көп иш кылып, мелдештердин санын көбөйтүүдө. Бул тууралуу Тариэл Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз киберспортчулары дүйнөлүк ири командаларда ойноп, эл аралык аренада кадыры жогорулай баштады.
"2017-жылы федерация жаңы түптөлгөндө Кыргызстанда киберспортто аз гана бала болчу. Албетте, азыр да көп эмес. Бирок акыркы жетишкендиктерден улам өспүрүмдөрдүн кызыгуусу арбып баратат. Башында балдар мектептен качып, күнү-түнү максатсыз компьютердик залдарда убакыт өткөрүшкөн. Ата-энелердин көбү мындай оюндарга каршы чыгып келишкен. Эми өлкөдө компьютердик оюндар спорт катары калыптана баштады. Турнирлер көбөйүп, атаандаштык пайда болду. Жөн гана убакыт өткөрүү максатында оюн ойногон балдардын саны азайды. Учурда киберспорт турнирлеринин байге фондуна кызыгып келгендер көбөйдү", — деди Болотбеков.
Ошондой эле адис маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен киберспорттун маанилүүлүгү артарын кошумчалады.